Жүргүнчүлөрдү ташыбай койгон фирмалар лицензиядан ажыратылат (видео)

1004

Жүргүнчүлөрдү ташууну үзгүлтүккө учураткан фирмаларды лицензиясынан ажыратуу керек. Ал эми маршурттук таксилерди бара-бара автобустарга алмаштыруу зарыл. Бишкек мэриясы ушундай планын жарыялады. Алар бул жол менен жүргүнчүлөрдү ташууда жеке транспорттук компаниялардан болгон көз карандылыкты жоюуга болоорун айтышууда. Бул маселе борбор шаардын кеңешинин отурумунда да каралды. Депутаттар окуя боюнча шаар мэри Албек Ибраимов жана башка жетекчилердин маалымат берүүсүн талап кылышты.