Жүргүнчүлөрдү ташыган унаалардын ээлери камсыздандыруудан өтүшү керек

754

1-апрелден тарта жүргүнчүлөрдү жана кооптуу жүк ташыган унаалардын ээлери милдеттүү түрдө камсыздандыруудан өтүшү керек. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги эскертүү таратты.

Ушул жекшембиден тарта жол кайгуул кызматкерлери камсыздандыруу полисин текшерүүнү баштайт. Талапты аткарбаган айдоочулар 500 сом штрафга жыгылып, транспорттук каражаты айып пул жайына токтотулат.