Журналист 1 миң сом үчүн добушун сатпады (видео)

1902

Ош шаарында КСДПнын талапкерине добуш берүүгө үгүттөп акча тараткандар боюнча шаардык милиция башкармалыгы текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу Түштүк борбордун милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Эскерте кетсек, кечээ журналист Шохрух Саиповдун үйүнө үгүтчүлөр келишип, алар КСДПнын талапкерине добуш берип коюусу үчүн 1 миң сом сунушташкан. Добуш сатып алуу аракетине дуушар болгон журналист окуяны уюлдук телефонуна тартып алып жарыялады. Анда жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлү алардын бул аракети мыйзамсыз экенин эскертип, акчаны артка кайтарып жатканын көрүүгө болот. Добуш сатып алуу фактысы кечээтен бери бир катар маалымат каражаттарында жарыяланды. Бирок коомчулукта бул таасын көрүнүп турган ишке чара көрүлөбү деген суроо жаралууда. Себеби акча сунуштагандар КСДПнын үгүтчүлөрү жана алар жазага тартылаары күмөн, деген пикилер арбын.