Журналист үй камагына чыгарылды (видео)

2957

«Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу жалган маалымат таратты» деп 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген журналист Турсунбек Бейшенбеков үй камагына чыгарылды. Ал тиешелүү иш боюнча маалыматтарды ачыкка чыгарбоо тууралуу тилкатка кол коюп бергенин айтып, ага карата ким арызданганын ачыктаган жок.

Бирок өзүнө коюлган айыптар менен макул эмес экенин кошумчалады. Ал арада вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, бул боюнча кабардар эмес экенин билдирди. Буга чейин айрым маалымат булактары, Бейшенбеков ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов берген жашыруун маалыматты коомчулукка ачыктап жиберген деп жазып чыгышкан болчу.