Журналисттердин ишмердүүлүгүнө тоскоол кылгандарга кандай жаза каралган?

889

Кыргызстанда журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгү мыйзам менен корголгон. Алсак, тиешелүү мыйзамдын бешинчи беренесинде төмөндөгүдөй деп жазылган. Журналист кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө маалыматты чогултууга, анализ жасоого жана таратууга укуктуу. Иштин алкагында, техникалык каражаттарды колдонуп аудио-видеого тартууга, массалык иш чараларды чагылдырууга укугу бар деп так-даана айтылат. Ал эми массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тоскоолдуктар жасалса, кылмыш кодексине ылайык төмөндөгүдөй жазалар каралган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодекси, 151-берене

Журналисттердин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу:

1) Маалыматты жайылтууга же аны жайылтуудан баш тартууга мажбурлоо аркылуу журналисттердин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу, эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнөн жүз өлчөмүнө чейин айып салынат;

2) Ошол эле жосундар өзүнүн кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалганда, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен анысы жок үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат.