Журналисттердин укугун чектөө аракети көрүлүп жатабы? (видео)

3755

Жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө каршы болгон журналисттер президент Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровго жана юстиция министри Асел Чыныбаеванын атына кайрылуу жолдошту.

Алар «Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу» жана «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» мыйзамдарды өзгөртүүсүз калтырууну өтүнүп жатышат. Медиа эксперттердин айтымында, журналисттердин ишмердүүлүгүн тескеген документтер ачык талкууланбай жатат. Эгер өзгөртүүлөр киргизиле турган болсо, сөз эркиндигине басым жасалышы мүмкүн деген кооптонуулар бар.