Журналисттерге кол салгандар жазаланышы керек (видео)

867

2006-жылдан 2017-жылга чейинки аралыкта дүйнө жүзүндө миңден ашуун журналистке кол салуу болуп, ал окуялар өлүм менен аяктаган. Мындай маалымат басма-сөз күнүнө карата уюштурулган медиа-конференцияда айтылды. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстанда журналисттердин укугу корголбой жатканы туурасында сөз болду. 10 окуянын бирөөсү гана сотко жетип, каралат экен. Бирок баарында эле кылмышка шектүү жазасын ала бербейт.

Ошондой эле, медиафорумда Кыргызстандагы маалымат коопсуздугун камсыздоо маселеси дагы талкууланды. Анда айтылгандай, өлкөдө 60тан ашуун телеканал жарнамадан түшкөн каражат үчүн күрөшөт. Ал акчаны бөлүштүрө келгенде, телеканалдардын чыгымдарын жабууга таптакыр жетпейт. Анын айынан, сапаттуу телекөрсөтүүлөр чыкпай жатканы айтылды. Маселени чечүү үчүн мыйзамдар так иштеши керек, дешет иш-чаранын катышуучулары.