Журналистти келекелеген Туйгунаалы Абдраимовду кызматтан алуу талабы коюлууда

631

Журналистти келекелеген Чүй областынын губернатору Туйгунаалы Абдраимов кызматтан алынышы керек! Мындай талабы менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана жарандык активисттер митингге чыгышты.

Алар өкмөттүн Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн алдына чогулуп, Туйгунаалы Абдраимовдун отставкасын талап кылышууда.

Чүй областындагы Орок айылындагы окуяны чагылдыруу үчүн барган журналист кыз аткаминерге суроо узатканда, ал жооп берүүдөн баш тартып, «сиздин жүзүңүз мага жакпай турат» деп, — орой мамиле кылган. Көпчүлүгү жогорку кызматтагы жетекчинин мындай жоругуна нааразы болушуп, анын жүрүм-турумуна баа берилиши керек, деп эсептешет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.