Жүрөк кемтигин операция кылган оорукана оңдоого муктаж (видео)

1286

Жүрөк хирургия жана органдарды алмаштыруу илим-изилдөө борборуна керектүү жабдыктар алынбаса, бейтаптарга операция жасалбай калуу коркунучу бар. Балдар кардиохирургиясындагы дем алдыруучу аппараттардын эскилиги эбак жеткен.

Операция маалында канды айланткан жабдык дагы иштен чыгып калуу коркунучунда турат. Ал эми жаңысын алууга жана бөлүмдү оңдоп түзөө үчүн мамлекеттен каражат 35 жылдан бери каралбай келет.