«Жусуп Мамай бабамдан баян» аттуу китеп жарык көрдү (видео)

1882

Жусуп Мамай бабамдан баян. Дал ушундай аталыштагы китеп жарык көрдү. Анда манасчы Жусуп Мамайдын өмүрү жана чыгармачылык жолу, Кытайдагы кыргыздарынын таржымалы, кыргыз элинин салттары, санжырасы жана улуу манасчы тууралуу залкарлардын эскерүүлөрү топтолгон. Китептин бет ачаары Ош шаарынын Токтогул Сатылганов атындагы областтык китепканасында болуп өттү. Документалдуу жанрда жазылган бул китеп манасчынын 100 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан маданий иш чаралардын алкагында жарык көргөн. Ош шаардык Билим берүү башкармалыгынун өкүлдөру эми бул китеп окуучуларга кошумча көркөм адабияты катарында сунушталарын билдиришти.