Жүздөгөн өмүрлөрдү алган “кара июль” көргөзмөсү (видео)

2908

«Кара июль» апааты сүрөттөрдө. Өмүрү үчүн күрөшкөн бейтаптар, аларга жардам берүүгө шашкан медицина кызматкерлери. Дал ушундай көз ирмемдерди чагылдырган сүрөт көргөзмөсү Улуттук тарых музейинде ачылды. Иш-чара Бириккен улуттар уюму, Саламаттык сактоо министрлиги жана Маданият министрлиги тарабынан уюштурулган.

Көргөзмөгө 50гө жакын эмгек коюлуп, көпчүлүгүндө 2020-жылы «кызыл зонада» иштеген медицина кызматкерлеринин эрдигине басым жасалган. Коркунучтуу «кара июль» деген аталыш менен көпчүлүктүн эсинде калган фото-көргөзмө.