Жыл башынан бери беш жолу «бомба коюлду” деген жалган маалымат түштү

932

Жыл башынан бери “бомба коюлду” деп телефондон жалган маалымат берген беш окуя катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов кабарлады.

Бомбага байланыштуу соңку окуя 29-апрелде катталды. “Бишкек 2” темир жол бекетине бомба коюлганы тууралуу кабар милициянын нөөмөт бөлүмүнө түшкөн. УКМКнын адистери текшергенден кийин жарылуучу зат табылган эмес. Андан мурда 27-апрелде белгисиз адам «Бишкек Парк» соода борборунун кабылдамасына телефон чалып, «жардыргыч зат орнотулганын» айткан. Кийин бул жалган маалымат болуп чыккан. 26-апрелде Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетине «бомба коюлганы» кабарланып, бирок тастыкталган эмес. Ага чейин бир канча жолу ушундай факт болуп, айрым «телефон террорчулары» кармалганы айтылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине («Теракт жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо») ылайык, мындай маалымат берген адам айыппул төлөп, кара жумушка тартылат же үч жылга чейин камалышы мүмкүн.