Жыл башында «Дарак ыры» тасмасы АКШдагы кинофестивалга катышат

1527

Аталган сынак 2019-жылдын 3-14-январь күндөрү АКШнын Палм-Спрингс шаарында өтөт.

Режиссер Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» тасмасы World cinema now аттуу XXX эл аралык кинофестивалына катышат.

Аталган сынак 2019-жылдын 3-14-январь күндөрү АКШнын Калифорния штатынын Палм-Спрингс шаарында өтөт.

Анын алкагында жыл ичинде дүйнөдөгү кинематографисттердин мыкты эмгектери тандалып, 135 миңге жакын көрүүчү топтой алат. Бул жылкы кинофестивалдын программасына 78 өлкөдөн 200дөн ашуун тасма кирген.

Аталган кинофестиваль 1990-жылы Палм-Спрингс шаарынын ошондогу мэри Сонни Бононун демилгеси менен негизделип, жыл сайын өтүп келет.

Эскерте кетсек, кыргыз тилиндеги биринчи мюзиклдин бет ачары 28-февралда өтүп, коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.