Жылдын куйкум сөздүү депутаты ким? (видео)

1265

Депутаттар Жогорку Кеңештин быйылкы ишине канаттандырарлык деген баа беришүүдө. Ошол эле убакта, парламентарийлер тарабынан кабыл алынган мыйзам долбоорлорунун көбү коомчулук тарабынан сынга алынган. Акыркы эле мисал, жөлөк пул боюнча документ. Мыйзам долбоору учурунда шашылыш, чийки даярдалып калганын Жогорку Кеңеш да, өкмөт да мойнуна алды. 2017-жылы парламентте өзгөрүүлөр көп жүрдү. Бул жылы өлкөнүн тарыхында алгач ирет депутат-чиновник пайда болду. Быйыл Жогорку Кеңештин бир жолку жыйыны техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам өтпөй калды. Сурамжылоонун жүрүшүндө эң көп социалдык маселелерди көтөргөндөр — депутат-айымдар экени аныкталды.