Жылдын тандоосу — 2018: НТС өлкөдөгү №1 телеканал деп таанылды (видео)

1030

НТС телеканалы «Жылдын тандоосу» сынагынын жыйынтыгы боюнча өлкөдөгү №1 телеканал деп таанылды. Жеңүүчүлөрдү тандоо бири-биринен көз каранды эмес эки этап менен жүргүзүлгөн. Алгач өлкөнүн баардык аймактарынын жашоочулары арасында социологиялык сурамжылоо жүргүзүлгөн. Ал ишти аткарууга «Эл-Пикир» борбору көмөк көрсөткөн.

Ошондой эле, эксперттик топтун пикири эске алынган. Баардыгы болуп бул сыйлыкка 21 компания арзыды. Белгилей кетсек, «Жылдын тандоосу» сынагы эл аралык деңгээлдеги долбоор. Жыл сайын бул фестиваль 5 мамлекетте өткөрүлүп турат.