Жылуулук электр борборунда жаңы химиялык цехтин курулушу аяктады

821

Анын кубаттуулугу саатына 144 метр кубду түзөт. Цехте 28 насос, суу тазалоочу, ультрачыпкалоочу төрт каражат, суу басымын аныктаган жабдыктар бар. Химиялык цехтин жалпы аянты 1500 чарчы метрди түзөт.

«Электр станциялары» ишканасынан кабарлашкандай, жаңы жабдуулар экологиялык нормаларга туура келип, автоматтык режимде иштейт. Курулуштун баасы 4,5 миллион долларды түзүп, кытайлык компания тарабынан каржыланган.

Белгилей кетсек, жыл башында жылуулук борборунда авария катталып, буга химиялык блок салынбай калганы себеп болгону айтылган.