К. Кулматов бошотулду, А. Ибраимов абакта калды (видео)

2159

Бишкектин мурдагы мэрлери Албек Ибраимов 15 жылга кесилсе, Кубанычбек Кулматов 5 миллион сом айыпка жыгылып, сот залынан бошотулду. Мындай чечимди борбор калаанын Ленин райондук соту чыгарды. Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Ибраимовду 20 жылга кесүү керектигин айтса, Кулматовго 15 жыл сураган.

Эске салсак, эки экс-мэрге «коррупция» беренеси менен айып тагылган болчу. Бири мектеп салууда жемкорлукка барган делсе, экинчиси мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген, ири суммада пара алган деп айыпталган.