К. Ташиев: Кыргыз-тажик чек арасындагы абал бүгүн турукташтырылат (видео)

2491

Бүгүн кечке чейин кыргыз-тажик чек арасындагы абал толук турукташтырылат. Мындай убадасын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге берди.

Өлкөнүн башкы чекисти бүгүн түштөн кийин өкмөттүн Баткен областындагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев, чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев болуп тажик тарап менен нейтралдуу аймакта жолугуп, сүйлөшүп келишти. Анын жыйынтыгы азырынча ачыктала элек. Маалыматтарга караганда, Тажикстан Ворухка коридор сурап, электр энергия берүүнү суранган.