Кабул козголоңчу генералдын тарапташтарын Душанбеге өткөрүп берди

696

Кабул Душанбеге төрт тажик жаранын өткөрүп берди. Алар Тажикстандын коргоо министринин мурдагы орун басары, козголоңчу генерал Абдухалим Назарзоданын тарапташтары. Бул тууралуу 27-июнда Ооганстандын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин расмий өкүлү Кохир Шох билдирди.

Анын айтымында, төртөө тең генерал Абдухалим Назарзоданын 2015-жылы сентябрдагы козголоң аракети ишке ашпай калгандан кийин Ооганстандын аймагына өтүп кетишкен. Алар Тажикстандын Дарваз районуна чектеш Бадахшан провинциясындагы Борак деген жерде кармалышкан.

Азырынча алардын тажик-ооган чек ара аймактарындагы куралдуу топтордун катарына кошулган-кошулбаганы белгисиз.

Маалыматка караганда, Тажикстанга өткөрүлүп берилген төрт жарандын бардыгы тең Тоолуу-Бадахшан автономдук облусундагы Ванч районунун тургундары. Алардын экөө болгону 23 жашта.

Тажик бийлиги коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданы кылмыштуу топ түзүп, 2015-жылы 4-сентябрда Вахдат шаарындагы ички иштер бөлүмүнө жана Душанбе аэропортундагы блокпостко куралдуу кол салуу уюштурган деп айыптоодо. Анда Вахдаттын төрт милиция кызматкери жана ИИМдин атайын багыттагы төрт жоокери курман болгон. 2016-жылы августта Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон «Абдухалим Назарзоданын козголоңунда мамлекеттик төңкөрүштүн бардык белгилери болгонун» билдирген.

Генерал Назарзоданын өзү 2015-жылы 16-сентябрда Душанбеден 50 чакырым алыстыкта жайгашкан Ромит капчыгайындагы атайын операциянын жүрүшүндө өлтүрүлгөн. Кол салуу жана атайын операция маалында жалпысынан 52 киши каза болгон.