Кабул: мейманканага кол салуудан өлгөндөрдүн арасында казак жараны бар

697

Ооганстандын Ички иштер министрлиги 21-январда Кабулдагы «Интерконтинентал» мейманканасы толук бошотулганын билдирди. Мейманканадагы кол салуудан кеминде 19 киши, анын ичинде Казакстан менен Украинанын жарандары мерт болгон.

Казакстандын 39 жаштагы жаранынын каза болгондугу тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ануар Жайнаков билдирди. Кабул полициясынын маалыматына караганда, андан тышкары Украинанын тогуз жаранынын мерт болгону аныкталды. Алардын көбү Kam Air ооган авиакомпаниясынын кызматкерлери болушкан.

Ооганстандын TOLO news жаңылыктар телеканалы өз булактарына таянуу менен каза болгондордун саны кыйла көп болушу мүмкүндүгүн билдирүүдө.

Жаңы маалыматтык технологиялар боюнча эл аралык жыйын жана жеке үйлөнүү той өтүп жаткан мейманканага кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы өзүнө алды. Кыймылдын беш жоочусу имаратка ашкана аркылуу кирип, андагы адамдарды көздөй ок чыгарышкан.

Жекшемби эртең менен аяктаган атайын операциянын жыйынтыгында 150дөн ашык киши, анын ичинде 40 чет өлкөлүк жаран куткарылган. Ооганстан ИИМи кол салгандардын кеминде үчөөсү өлтүрүлгөнүн билдирди.

«Интерконтинентал» – Кабулдагы чет өлкөлүктөр көп токтогон мейманкалардын бири. Ал 1969-жылдан бери иштеп келет жана мамлекеттин көзөмөлүндөгү тоолуу жерде жайгашкан. 2011-январда мейманканага «Талибан» кыймылынын жоочулары кол салган. Анда жалпысынан 21 киши өлүп, арасында кол салган согушкерлер да болгон.