Кабул вице-президент Достум бозгундан келген учурда жарылуу болду

728

Ооганстандын Ички иштер министрлиги билдиргендей, жанкечти жардырууну Кабулдагы эл аралык аба майданынын кире беришинде жасады.

Жардыруу бозгундан кайткан вице-президент Абдул Рашид Достумду тосуу үчүн чогулган жүздөгөн кишилер аба майданынан таркап кете баштаган учурда болду.

Андан кеминде 14 киши өлүп, 50дөйү жаракат алды.

Аба майданынан брондуу (чопкут) унаа менен кеткен Достум өзү, — анын өкүлүнүн айтымында, — эч жабыркаган жок.

Ал Түркияда бир жылдан ашуун убакыт өз ыктыяры менен бозгунда жүргөн соң, Кабулга өз эрки менен кайтып келди.

Ооганстандагы өзбек азчылыгынын лидери, таанымал колбашчы Достум 2017-жылы саясий атаандашын уурдоого, уруп-сабоого, кыйноого, зордуктоого буйрук берди деп айыпталган.

Ушундан кийин Достум өлкөдөн бозгунга кетип, Ооганстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин да ачкан эле.

Ал өзү мындай айыптоолорду четке кагып, Ооганстандан чет мамлекетке чыгып кетишин саламаттыгына жана үй-бүлөлүк себептерге байланыштырган.

Эми Достум Түркиядан мекенине кайткан соң ага расмий айып коюлар-коюлбасы анык эмес. Ооган өкмөтүнүн өкүлү “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна “укуктук маселелер мыйзамга ылайык жүргүзүлөт” деп маалымдаса, президенттик кеңсенин басма сөз өкүлү Харуун Чахансури вице-президент дарыланып келген соң, эми ишин кадыресе уланта аларын билдирди.