Кабулда жанкечтинин жардыруусунан улам 3 киши мерт болду

1041

Афганистандын борбору Кабул шаарында жанкечтинин жардыруусунан улам 3 киши набыт болду. Өлкөнүн расмий бийлиги кабарлагандай, жанкечти шаардагы крикет ойнолуучу стадионго кирүүгө аракет жасаган. Бирок тоскоолдуктар болгондо өзүн жардырып жиберген.

Анын кесепетинен оюн талаасынан жанына чогулган крикет ышкыбоздорунун арасынан 3 киши курман болуп, 7 киши жаракат алган. Азырынча бул кол салуу боюнча эч бир тарап жоопкерчиликти ала элек. Ошол эле убакта, айрым басылмалар бул Афганистандын коопсуздук күчтөрүнө каршы багытталганын жана кол салуу «Ислам мамлекети» тарабынан жасалганын белгилешүүдө.

Эки апта мурда эле Кабулдун АКШ элчилиги жайгашкан аймагында жардыруу болуп, 5 киши набыт болгон. Ал үчүн жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы өзүнө алган.