Качып кеткен сотторду кайтарууга саясий эрк жетеби? (видео)

1170

Улуттук коопсуздук комитети дагы бир сотко издөө жарыялады. Бул ирет өлкө аймагынан Чүй областынын Москва райондук сотунун мурдагы төрагасы Феликс Марлес чыгып кеткен. Ал пара берүүгө айыпталып, былтыр күз айларында ээлеген кызматынан бошотулган.

Ошентип, качкында жүргөн судьялар үчөө болду. Буга чейин аскер сотунун экс-төрагасы Нурлан Ашымбеков жана Октябрь райондук сотунун судьясы Эрнис Чоткараевдер да Кыргызстандан качышкан. Айрым эксперттер фемида өкүлдөрүнө жоопкерчиликтен кутулууга атайын жол ачылышы мүмкүн деп шектенүүдө. Эми качкындагы судьяларды экстрадициялоо маселеси турат.