Кадамжай районундагы шахтада бир адам каза тапты

1214

Баткен областынын Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы №5-көмүр казуу шахтасында бир адам каза тапты. Маалыматтарга караганда, 24 жаштагы жергиликтүү тургун шахтага белине трос байлап түшүп бараткан учурда трос үзүлүп кетип, ал 15 метр тереңдикке кулаган.

Аны бир тууган агасы алып чыгып, Кызыл-Кыя шаарынын ооруканасына жеткиргени менен сактап калуу мүмкүн болгон эмес. Кадамжай районунун акиминин айтымына караганда, адам өмүрүн алган окуя казууга уруксат берилбеген көмүр шахтасында болгон. Баткен областында эски шахталарга түшүп, өз алдынча көмүр казгандар арбын.

Быйыл жыл башынан бери аймакта көмүр шахталарындагы кырсыктарда 13 киши каза тапкан.