Кадамжайдагы кенге байланышкан ызы-чууну ким уюштурган? (видео)

733

Баткен областынын Кадамжай айылындагы чыр-чатак чечилди. Бул тууралуу райондун акими Жаныбек Исаков билдирди. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Эске салсак, Кадамжай районунун Майдан айылында жайгашкан Шамбесай кенине келген кытайлык ишкерлерди жергиликтүү тургундар контейнерге камап салышкан. Интернетте тараган тасмада 60ка чукул адам кытай жарандарын курчап алып, аларды урушуп жатканын жана аларды ошол жердеги темир контейнерге камап салышканын көрүүгө болот.

Чыр-чатак жергиликтуу милиция кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен жөнгө салынган. Эске салсак, Шамбесай кенинде болжол менен 8 тоннага жакын алтын бар. Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы аны казууга лицензия берилген. Бирок анын иштетилишине жергиликтүү тургундар каршы болуп келүүдө.