Кадрларды алмаштыруу башталды (видео)

3864

Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө ушуга чейин өзгөчө кырдаалдар министри болуп келген Нурболот Мирзахмедов дайындалып, эмгек жамаатына тааныштырылды. Областты 2016-жылдын октябрь айынан бери башкарып келген Кыянбек Сатыбалдиев, өзүнүн жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулган.

Ал эми Мирзахмедовдун ордуна буга чейин орун басары болуп иштеп турган Давлетбек Алимбеков келээри айтылууда. Ал арада эл өкүлдөрү дагы бир катар жетекчилерди алмаштыруу керек деген сунуштарын беришүүдө.