Кадыр түндүн так датасы белгилүү болду

799

Кыргызстандын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын өкүлдөрүнүн айтымына караганда, Кадыр түн 31-майдан 1-июнга караган түнү белгиленет.

Кадыр түн орозо айындагы касиеттүү түн деп эсептелет жана мында мусулмандар таң атканча уктабастан жакшы ой-тилек менен элге тынччылык, токчулук, бейпил турмуш каалап, жакшылыктарды тилеп, куран окуп өткөрүшөт.

Ошондой эле, бул түнү адамдар ар кандай терс маанидеги сөздөрдү айтуудан алыс болуп, көңүл ачуучу жайлардан жана оюн-зооктордон алысыраак болгону оң, дешет муфтияттын өкүлдөрү.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.