Кафе кызматкери жакындары менен бирге кесиптештерин сабады (видео)

559

Бишкектин борборундагы кафелердин биринде официант менен кароолчуну сабап кеткендерге «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда бул иш Бишкек шаардык милициясы тарабынан тергелип жатат. Эскерте кетсек, 6-октябрда эс алуу жайынын кызматкерлерин ошол эле жерде иштеген бармен жакындары менен келип, аёосуз сабап кетишкен.

Учурда кафенин катуу жабыркаган официанты менен кароолчусу ооруканада дарыланууда. Ал эми аларга кол салгандардын бири гана колго түшүрүлгөн. Калган шектүүлөр азырынча кармала элек. Маалыматтар боюнча кылмышка атасы-баласы жана таякеси шектелүүдө.