Кафе-ресторан, соода жайлары 3 млн сом айыпка жыгылышты (видео)

2476

Коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында эпидемиологиялык абал оор деп саналган Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл областтарында рейддерди жандандыруу тапшырмасы берилди. Ага ылайык коомдук тамактануу жайларында, базарларда, эл көп чогулган жерлерде жана коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузгандарды аныктоочу рейддер өткөрүлөт.

Бул талап башка областтардын жана шаарлардын жетекчилерине да коюлду. Ал арада өлкөдө эпидкырдаал курч бойдон калууда. Акыркы 3 суткада эле Ковид-19 илдетинен көз жумгандардын саны 24 түздү. Ак халатчандар жарандар санитардык чараларга жоопкерчиликсиз мамиле кылып жатканын эскертип, коңгуроо кагышууда.