Кафе-ресторандар салык көтөрүлгөндүктөн жабыла баштайбы? (видео)

3863

Коомдук тамактануучу жайларга салыкты 4 эсе жогорулатуу коррупциялык көрүнүштөргө жол ачат. Мындай пикирин ишкерлер кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыков билдирип чыкты. Айтымында, жаңы салык кодексинин айынан учурда коомдук тамактануучу жайлар чыгашага учурап, кээ бири таптакыр жабылуу коркунучунда турат.

Ошондой эле, бул аракет айрым жайларда тамак-аштын кымбатташына дагы алып келери белгиленди. Себеби жаңы кодексте мындай субъектилерге 8 пайыздык үстөк каралган. Ал арада салык кызматынын өкүлдөрү ишкерлерди куру дооматтан алыс болууга чакырууга өтүштү.