Кафе-ресторандарда жаңы жылдык кечелер өткөрүлбөйт (видео)

3360

Быйыл жаңы жылдык кечелер өткөрүлбөйт. Бирок 1-декабрдан тарта кинотеатрлардын, балдардын оюн-зоок жайларынын иши жанданат. Жаңы иштелип чыккан санитардык талаптарды аткаруу менен 8 айдан бери жабык турган жайлар үч күндөн кийин жумушка киришип, кардарларды кабыл ала алышат.

Бирок тойкана иштеткендер кайрадан нааразы. Анткени жаңы талаптарга ылайык, кафе-ресторандар жаңы жылдык кечелерге буйрутма алууга болбойт. Ал жакта той өтүп жатабы же корпоративдик кечеби — ким текшерип, кантип аныктайт — азырынча түшүнүксүз.