Кафеде бекер тамактангысы келген милиционер жазаланабы? (видео)

837

Тамагын жеп, бирок анын акысын төлөөдөн баш тарткан тартип сакчылары кандай жазаланат? Ош шаарында кафеде палоо жеп, анын акысын төлөбөй, кайра коркуткан милиция кызматкерине чара көрүлө турганын жетекчиси убадалады. Жеген ашына төлөбөй койгон милиционерлердин үстүнөн мындан башка дагы даттангандар бар.

Былтыр эле Ысык-Көлдүк инспекторлор Боом капчыгайындагы кафелердин биринде тамактанып, бирок акчасын төлөөргө келгенде болбогон шылтоону айтып, акча төлөөдөн баш тартышкан. Ал эми жакында милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамында тартип сакчылары мас болуп чатак чыгарып, кафеге 4 миң сом төлөбөй коюшкан.