Кафеде тамактанып, акча төлөөдөн баш тарткан инспектор кызматынан бошотулду

979

Боом капчыгайындагы кафелердин биринде тамактанып, ал үчүн акча төлөгүсү келбей, чыр чыгарган инспектор кызматынан бошотулду. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында Ысык-Көл областынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн ага лейтенанты Бакыт Жукалаевдин жүрүм-туруму бүткүл милициянын беделине шек келтиргени айтылат.

Инспектордун мындай жосунсуз жоругу укук коргоо органдарында иштегендердин этикалык кодексине туура келбей, жалпы милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көлөкө түшүрдү, дешти Ички иштер министрлигинде.

Буга чейин интернетте ашканада отурган тартип сакчысы өзүнүн тамагына бир нерсени салып койгонун көрүүгө болот. Анын бул жасаганы ошол жердеги видеокөзөмөл камерасына тартылып калат. Инспектор официантты чакырып, нараазычылыгын айтып, акча төлөөдөн баш тартканы айтылат.

Бирок Бакыт Жукалаев бул маалыматты кийин төгүндөп, тамак үчүн акча төлөгөнүн билдирген.