Кафедегилерди «союп салам» деп коркуткан милиция (видео)

845

Милиция кызматкери катышкан кылмыш ишинин бети ачылбай калабы? 3-март күнү Кара-Балта шаарындагы кафелердин бирине 3 бала кирип келип, кардарларды бычак менен коркутуп, барымтага алууга аракет кылган. Кол салгандардын бири Жайыл райондук милиция бөлүмүндө иштээри айтылууда. Эң кызыгы, бул окуя боюнча 102 кызматына кабар берилгенине карабай, тартип сакчылары жардамга келген эмес. Ал тургай кол салуу фактысы каттоо китебине да жазылбаптыр. Тартип сакчылары эмнени жашырууда же кимди калкалап жатат?