Кафелердеги тыңшоочу аппараттарды кимдер орнотууда? (видео)

700

Саясатчылардын сүйлөшүүлөрүн мыйзамсыз тыңшоону уюштурган күч органдарынын кызматкерлери кандай жазага тартылат? Ушул жылдын апрель айында Ош жана Баткен областтарынын бажычыларынын иш бөлмөлөрүндө тыңшоочу аппараттар табылып, бул боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок тымызын тыңшоо боюнча катталган калган 2 факты боюнча УКМК үн ката элек.

Ал арада, 5 күн мурда эле бир катар укук коргоочулар чогулган Бишкектеги кафелердин биринде столдун астынан диктофон табылганы да белгилүү болду. Тыңшоочу аппаратты кимдер коюшканын аныктоо үчүн видеокөзөмөл камерасындагы жазуулар УКМКга өткөрүлүп бериптир. Мыйзамсыз тыңшоо маселеси Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, атайын кызматтын дарегине катуу сын айтылды.