Кайгуул милиция Бишкекте ичип алып рулга отурган 58 айдоочуну кармады

1985

Март айынын 6 күнүндө Бишкекте 2078 жол эрежесин бузуу факты катталды. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2-8-март күндөрү төмөндөгүдөй эреже бузуулар катталган: Айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа башкаргандар – 44, алкоголдук ичимдик ичип рулга отургандар — 58, алдыңкы капталындагы терезелерди караңгылаткандар – 18, башка эреже бузуулар — 1 592.

Мындан сырткары, айып короого 366 автоунаа киргизилген, анын 177 эвакуатор алып кеткени белгиленет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.