Кайгуул милициясына куралсыз кармашуу боюнча комушча сабактар киргизилет

3322

Эми милиционерлер үчүн куралсыз кармашуу боюнча кошумча сабактар киргизилет. Мындай убадасын ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов берүүдө. Ал октябрдан тарта иштей баштаган Кайгуул милициясына кызматкерлер сынак менен кабыл алынгандыктан, тажрыйбасы аз болуп жатканын моюндады.

2 күн мурда бир адам троллейбустагы жүргүнчүлөргө бычак кезеп, андан соң көчөдө бара жаткандардын өмүрүнө да коркунуч жараткан. Бирок бир нече тартип сакчысы аны кармай албай, аз жерден качырып жибере жаздашкан.

Интернетке жарыяланган видеодо милиционерлер кылмышка шектүүнү араң колго түшүрүшкөнүн көрүүгө болот. Алардын олдоксон аракети коомчулукта кызуу талкуу жаратып, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн физикалык даярдыгы начар деген сындар айтылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.