Кайгы менен аяктаган үлпөт той (видео)

1260

Төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгында аман калган кыздын жакындары ошол күнү үлпөт той өткөргөндөргө нааразы. 19 жаштагы Назгүл Айбар кызы жол кырсыгынан катуу жаракат алып, дагы деле комадан чыга элек. Жабырлануучунун туугандары кырсыктан кийин дароо ооруканага жеткирилгенде, абалы азыркыдан бир топ жакшыраак болмок дешет.

Алардын айтымында, беш киши келе жаткан унаа кырсыктаганда, үйлөнүү үлпөт тойдун кортежинде бараткан башка катышуучулар эч кандай көмөк көрсөтпөстөн, тойду улантып кетип калышкан. Натыйжада, кырсыктаган кыз бир жарым саатка жакын убакыт жерде жатып калган.