Каиндыда ур-токмоктон каза болгон бөбөктүн иши райондук сотко өткөрүлдү

684

Чүй областынын Каинды шаарындагы 2 жаштагы баланын өлүмү боюнча иш Панфилов райондук сотуна өттү. Кылмышка бөбөктүн энесинин курбусу шектелип, ага карата атайылап денеге залал келтирүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Эскпертизада бала ур-токмоктон каза болгону тастыкталган. Бирок айыпталуучу эки жаштагы Ооматты сабабаганын, ал керебеттен кулап кеткенин айтууда. Баланын апасы курбусуна карата арыз жазуудан баш тарткан. Шектүү азыр камакта.

Эскерте кетсек, былтыр декабрда Чүй областынын Каинды шаарында эки жаштагы бөбөк оор абалда ооруканага жеткирилген. Баланын денесинин баары көгала болгон. Ал комага түшүп, эсине келбей чарчап калган.

Териштирүү учурунда энеси чет өлкөгө иштегени кетип, баласын жакын курбусуна таштап кеткени аныкталган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.