Кайра шайлоо өтө турган аймактарга бюллетендер жөнөтүлдү (видео)

3993

Бишкек шаарындагы бир мандаттуу 2 округда өтүүчү шайлоого 215 миң 758 бюллетень даярдалып Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилди. Ал Свердлов жана Биринчи май райондорундагы 120 тилкеге жеткирилди.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында бир мандаттуу 2 округдан кайра шайлоо 27-февралда өткөнү турат. Учурда ар бир аймакта 25тен талапкер катталып, үгүт өнөктүгү жүрүүдө. Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып, талапкерлердин үстүнөн 19 арыз түшкөнүн билдирди.