Кайра вакцинациялоодо жасалма сертификат алгандар болобу? (видео)

2537

Өлкөдө жакынкы күндөрү ревакцинация иштери башталат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Ага ылайык, эмдөө алганына 6 айдан ашкан жарандарга кайрадан вакцина сайыла баштайт. Ал үчүн учурда тиешелүү мекемеде алгоритм иштелип чыгууда. Жарандар буга чейин кайсы вакцинаны алса, кайра эле ошол препараттын түрү кайталанып сайылат экен.

Ал арада эмдөө алгандардын арасында коронавирус жугузуп алып, ооруп жаткандар бар экени белгилүү болду. Бирок дарыгер-эпидемиологдор вакцина алгандан кийин оору жеңил өтөөрүн билдирип, оор абалда жаткан бейтаптар эмдөө алгандыгы тууралуу кагазды пара берип жасатып алышкандыгын айтып чыгышууда.