Кайрадан отставка. Кийинки кезек кимде? (видео)

1283

Жеңиш Разаков вице-премьер-министрлик кызматты тапшырып берди. Расмий маалыматтар боюнча, ал өз каалоосу менен иштен кетти. Жениш Разаков жергиликтүү сайттарга берген түшүндүрмөсүндө ал убактысын үй-бүлөсүнө бөлүп, азырынча мамлекеттик кызматка барбарын айткан.

Ал эми учурда вице-премьер-министрлик кызматка келчү болжолдуу ысымдар аталууда. Алардын арасында өкмөттүн Баткен областындагы өкүлү Акрам Мадумаров, эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жана Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев бар. Ошентип, эки жылдын ичинде өкмөттө 16 жетекчи алмашты.