Кайрат Примбердиевдин жылдызы жанды (видео)

724

Даңк аллеясында 6-жылдыз жанды. Бишкектеги «Азия Молл» оюн-зоок соода борборунун алдына Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиевдин ысымы жазылды. Кыргыз эстрадасынын көрүнүктүү ырчысы анын урматына өткөрүлгөн иш-чарага келген күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди.

Даңк аллеясына пайда болгон 6-жылдыз бул башталышы гана. Алдыда бул жерде дагы 144 чыгармачыл инсанга мыкты жетишкендиктери үчүн орун берилмекчи. Жылдын аягына чейин бул аянтчада дагы бир жылдыздын пайда болушу күтүлүүдө. Бирок, ал кимге бериле турганын уюштуруучулар азырынча сыр бойдон сактап жатышат.