Кайсы депутаттар эң бай? (видео)

3119

Декларацияда тапкан кирешесин, мал-мүлкүн туура эмес көрсөткөн 5 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерге карата Башкы прокуратура баа берет. Арасында Жогорку Кеңештин депутаттары да бар. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Алар сайтына илген маалымат боюнча, айрым эл өкүлдөрүнүн унаасы, үстүндө үйү жок болуп чыкты. Алардын жакындарына да бир дагы мүлк катталбаптыр. Жарандык активисттер депутаттар, аткаминерлер байлыктарын жашырып, өздөрүнө каттатпай келээрин айтышууда.