Кайсы депутаттын диплому жасалма? (видео)

1844

Жогорку Кеңештин депутаттары дипломдорун сатып албай, окуп алганын текшерип чыгууну талап кылабыз! Дал ушундай демилге менен жарандык активисттер чыгышууда. Айтымдарында, ал документтердин аныктыгын текшерүүдө бир топ кызыктуу фактылар калкып чыгышы ыктымал. Буга 5 күн мурда УКМК депутат Орозайым Нарматова окуу жайга мыйзамсыз кабыл алынганын билдирген маалымат негиз болду көрүнөт.

Ал ортодо парламенттарийлер дипломдорунун түп нускасын Жогорку Кеңештин кадрлар бөлүмүнө тапшырып жатышканы белгилүү болду. Айрымдарынын жогорку билим алганы тууралуу 3-4 диплому болсо, кээ бирлери алардын универститетке барганын чогуу окуган тайпалаштары тастыктап берерин айтып жатышат.