Кайсы мам.бейтапканалар өзүн-өзү каржылоого өтөт? (видео)

934

Мамлекеттик ооруканалар өзүн-өзү каржылоо системасына өтүшү мүмкүн. Саламаттыкты сактоо министрлигинин мындай сунушу өкмөттүн кароосуна жөнөтүлдү. Учурда мекеме сунуштаган пилоттук долбоор Улуттук хирургия борборунда ишке киргизилүүдө.

Эгер сыноо иретинде иштелип чыккан жаңы ыкма ийгиликтүү болсо, анда башка мамлекеттик бейтапканалар дагы өзүн-өзү каржылоого өтөт. Тагыраак айтканда, бекер дарылоо деген түшүнүк жок болот.