Кайсы ооруканалар дары-дармекти кымбат сатып алмак? (видео)

5969

Бишкекте бир катар ооруканалар базар баасынан эки эсе кымбатка турган дары-дармектер менен медициналык каражаттарды сатып алууда. Мындай маалыматты Жарандык демилгелерди илгерилетүү альянсы коомдук фонду таратууда.

Алар саламаттыкты сактоо мекемелеринин май айына жарыялаган тендерлерине анализ жүргүзүп, дал ушундай жыйынтыкка келишкен. Бул боюнча материалдар топтолуп, мамлекеттик сатып алуулар департаментинин кароосуна жөнөтүдү. Медициналык мекеменин жетекчилери болсо алардын дарегине айтылган дооматтар менен макул эмес.