Кайсы партиялар президенттин атын жамынып, талапкер топтоодо? (видео)

1787

Парламенттик шайлоо жакындаган сайын өздөрүн бийликтин долбоору катары көрсөткөн партиялар көбөйдү. Бир мандаттуу округдардан талапкерлигин койгон кээ бир жарандар аймактарда айрым саясий күчтөр мамлекет башчынын батасын алдык деген жалган маалыматтарды таратып, алдоо жолу менен катарына кандидаттарды топтоп, эски ыкма менен баратканын айтышууда. Бирок алардын аты-жөнү ачыкталбай эле.

Жакында эле президент Садыр Жапаров алдыдагы шайлоо болушунча таза өтөрүн, мыйзам бузгандар жазаланарын билдирген. Мындай эскертүүнү шайлоо өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси, коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкулов дагы азыр жер-жерлерди кыдыруу учурунда берип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү былтыркы катаны кайталабоого чакырууда.