Кайсы талапкер БШК мүчөлөрүн коркутуп, басым жасаган? (видео)

3339

Бир мандаттуу шайлоо округунан өзүн-өзү көрсөткөн бир талапкер Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн коркутуп, басым жасаган. Кандидаттын үстүнөн түшкөн арыз учурда укук коргоо органдары тарабынан текшерилип жатат. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов эгерде анын күнөөсү тастыкталса, катуу жазага тартыла турганын убадалады. Бирок талапкердин аты-жөнү, БШКнын кайсы мүчөлөрүнө басым жасаганы ачыкталган жок.

Боршайком берген маалымат боюнча, шайлоо дайындалган күндөн тартып мыйзам бузуулар боюнча 34 кайрылуу келип түшкөн. Басымдуу бөлүгү шайлоочулардын добушун сатып алууга аракет кылганына байланыштуу. Борбордук шайлоо комиссиясында партиялар арасында меморандумга кол коюлуп, баары таза шайлоо өткөрүүнү убадалашты. Эми алар айтканына турабы?