Кайсы талапкердин кош жарандыгы бар? (видео)

1795

Боршайком бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча расмий жыйынтыкты 1-2 күндүн ичинде толук чыгарып бүтөт. Азыркы тапта БШК өзүн-өзү көрсөткөндөр тууралуу маалыматтарды текшерип, четинен чечимдерди кабыл ала баштады. Ошол эле учурда, алдын ала жыйынтык менен алдыга озуп чыккандардын арасындагы кээ бир талапкерлер боюнча суроолор жаралууда.

Алсак, № 31 Чүй-Кемин округу боюнча утуп чыккан кандидаттын кош жарандуулугу бар деген маалыматты тактоо үчүн Казакстанга суроо-кат жонотулгон. Бирок кошуна олкодон азырынча расмий жооп келе элек. Эгерде анын куноосу тастыкталса, жарандын каттоосу жокко чыгарылып, депутаттык мандат — экинчи орунда келген талапкерге берилет экен.